Бүгүн Парижде ачылып Ооганстанга жардам маселесин талкуулап жаткан эларалык донолордун жыйынында чыгып сүйлөгөн президент Хамид Карзай эларалык коомчулукту алдыдагы беш жылда өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго 50 миллиард доллардык каржылык көмөк топтоого чакырды. Жыйынга 65тен ашуун өлкө жана 15тей эл аралык уюмдар катышууда. АКШнын Биринчи айымы Лора Буш өз өлкөсү Ооганстанга 10 миллиондон ашуун доллардык жардам көрсөтүүгө убада кылганын айтып, башкаларды да оогандарга кайрымдуулук жардамын аябоого чакырды. БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык донорлорду Ооганстанга жардам чараларын тездетүүгө жана биргелешип багыттоого чакырып, ошол эле учурда Ооган өкмөтү да өлкөнү натыйжалуу башкарууга жетиши керектигин эскертти.