Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Эл аралык уюм АКШ сотунун Гуантанамо абагы боюнча чечимин колдойт


«Эмнести Интернешнл» укук коргоо уюму АКШнын жогорку соту Гуантанамо Бэй түрмөсү боюнча кабыл алган чечимин кубаттады. Кечээ сот терроризм үчүн шектелип, абакта кармалган чет өлкөлүк туткундар жарандык сотко кайрылып, ишинин каралышын талап кылууга укуктуу, - деп чечкен. Бул - АКШнын терроримзге каршы күрөшүүнүн ыкмаларын эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу багытында маанилүү кадам болуп эсептелет, - деп белгиледи аталган уюм. Ошол эле маалда уюм абакты жабуу талабын кайталады.

XS
SM
MD
LG