Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

14: 08 Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуунун тартиби


14-июнда эртең мененки саат 7ден баштап Манас проспектиси ВДНХдан Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат. Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн салган унаа саат 8 де филармонияга келет. Саат тогуздан баштап он бирге чейин Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматов менен коштошуу зыйнаты өткөрүлөт. Эгерде жазуучу менен коштошуучулардын саны көбөйүп кетсе анда коштошуу зыйнаты саат 12ге чейин узартылат. Аны менен коштошкондор филармониянын чыгыш тарабынан кирип, күн батыш тарабынан чыгышат. Андан соң филармониянын алдында чет өлкөлөрдөн келишкен делегациянын, шаардыктардын жана меймандардын катышуусунда митинг-реквием өткөрүлүп, президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөйт. Митинг-реквиемден кийин Алатоо борбордук аянтына калемдештери, замандаштары табытты көтөрүп алып барышат. Ал жердеги мамлекеттик желек төмөн түшүрүлүп, Гимн ойнолот. Бир минуталык аза күтүү болот. Андан кийин Байтик баатыр көчөсү аркылуу шаардын түштүк дарбазасы аркылуу Ортосай айылын кесип өтүп, Ата бейит мемориалдык-комплексине жеткирилет. Ата бейитке барып топурак салуучуларга 135 чукул автобус уюштурулат. Чыңгыз Айтматов менен коштошуу күнү Токтогул, Киев, Фрунзе, көчөлөрүнүн Правда менен Турусбеков көчөлөрүнүн аралыгы жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаар башчысы бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жазуучуга топурак салганы Казакстан,Орусия, Түркия, Азербайжандан өкүлдөр келиши күтүлүүдө.(AJ)

XS
SM
MD
LG