Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

15:45 Роза Отунбаева: Чыңгыз Айтматовго топурак салам дегендердин жолун тоспоо керек


“Атабейитке” барып топурак салам деген адамдардын жолун тоспоо керек, бийлик тарабынан аларга тыйуу болуп элдин шагын сындырып албагыла”, деген сунушун СДПК фракциясынан депутат Роза Отунбаева президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Камбаралы Конгантиевге айтты. Отунбаева өкмөттүк комиссия Чыңгыз Айтматовдун жайына топурак салууга баруучулар үчүн өзүнчө тизме жазылып жатат деген маалымат бардыгын кошумчалады. Анын айтымында, замандын улуу адамын акыркы сапарга сый-урмат менен узатуу зарыл. (AJ)

XS
SM
MD
LG