Аталган уюмдун 5-июнда жасаган бул билдирүүсүндө Кыргызстандын президенти К.Бакиев кол койгон “Сыналгы жана үналгы” жөнүндөгү мыйзамга тынчыздануусу айтылган. Кыргызстан көз карандысыз, коомдук сыналгы жана үналгы түзүү тууралуу демилге менен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болгондугу белгилүү. Ошондуктан аталган мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киригизүүнү сунуш кылабыз деп айтылат билдирүүдө.
1) Президенттин Улуттук телерадиокомпаниянын байкоочулар кеңешинин аткаруучу директорун бекитиши жана мүчөлөрүн Жогорку Кеңешке сунуштоосу коомдук теле-радио берүүнүн көз карандысыздыгын чектейт.
2) Кыргыз тилиндеги сыналгы жана үналгы берүүлөрдүн, ошондой эле жергиликтүү теле-радио станциялардын ишмердүүлүгүнө квота берүү көптөгөн жергиликтүү теле-радиолордун жабылышына алып келип, Кыргызстандыгы массалык маалымат каражаттарынын ар кылдуулугуна терс таасирин тийгизет.
3)Кыргыз бийликтери ЕККУнун атайын өкүлүнүн К.Бакиевге жазган катын эске алуу менен Кыргызстандагы көз карандысыз коомдук теле-радио берүүнү камсыз кыла турган мыйзам кабыл алуусу сунушталат.(GA)