Ирландиянын Адилет министри Дермот Эйхерн (Dermot Ahern) бул тууралуу маалымат каражаттарына айтты. Жалпы 43 шайлоо чөлкөмүнүн 19унун жыйынтыгы чыгарылды, жана саналган добуштардын дээрлик 55 пайыздайы Евробиримдиктин Лиссабон келишимин четке каккан. Бул келишим долбоору Евробиримдиктин калктары тарабынан жактырылса, анда ал Евробиримдиктин конституциясынын милдетин аркаламак. Лиссабон келишими Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн баары кабыл алганда гана, 2009-жылдын 1-январынан тарта иштей баштамак. Ирландия 2007-жылдын соңунда кабыл алынган бул келишимди жалпы элдик добушка койгон жалгыз өлкө. Калган Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер келишимди парламент аркылуу кабыл алышат.
Ирландия: кечээки референдумдун алдын-ала жыйынтыктары боюнча Европа Биримдигинин Келишимине “жок” деген жооп алынды