Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен коштошкону барган элдин көптүгүнөн коштошуу зыйнаты алгач саат 12ге чейин узартылды. Улуттук филармоноиянын жанында турган кабарчыбыздын айтымында, сыртта эл көптүгүнөн жөөлөшүп-түртүшүүлөр да көп болууда. А түгүл бир кыз көпчүлүктүн кысмагында калып, ага ошол жерде турган “Тез жардам” кызматы медициналык жардам көрсөтүүдө.(SM)