Улуттук филармониянын экинчи кабатына жайгаштырылган Чыңгыз Айтматовдун сөөгүнүн жанынан коштошуп калуу үчүн барган эл убап-чубап өтүп жатышат. Сыртта эл көптүгүнөн жөөлөшүп-түртүшүүлөр болуп жатканын ошол жерде турган кабарчыбыз кабарлады. А түгүл эл атайын курчоого да баш бербей, тартип бузулду. Көпчүлүк тартип сакталбаганына, уюштуруу иштери начар болгонуна нааразы.(SM)