- Мамлекеттик комиссия мүчөлөрү Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кандай өттү деген ойдо турасыздар?
- Жалпы эле элдин, биздин оюбуз боюнча Чыңгыз Төрөкулович айтматовду акыркы сапарга узатуу жогорку деңгээлде өттү. Коштошууга 150 миңге жакын адам келди. Ошондой эле биздин алыскы, жакынкы коңшу мамлекеттерден атайын расмий делегациялар келди. Бул фактынын өзү эле Чыңгыз Төрөкуловичтин бийик даражасы, дүйнөлүк атак даңкы, чыныгы жазуучу арабыздан кеткенин айгинелеп турат.
- Чет элдик делегациялардын катышуусу беш өлкөдөн келген экен, кандай деп ойлойсуз аз болуп калган жокпу. Мисалы, СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев да келет деди эле. Ал киши келгендей болгон жок, же бул убакытка байланыштуу болуп калдыбы?
Бул жерге жети өлкөдөн өкүлдөр келди. Мамлекеттик катчыдан тартып, министр, жазуучулар, маданият ишмерелри келишти. Ал эми биздин президентибиздин адресине, ошондой эле маданият жана маалымат министрлигинин адресине 30га жакын мамлекеттерден көңүл айтуу, аза-кайгыны тең бөлүшкөн жолдоолор келди.
- Элдин, улуттук биримдиги үчүн бүгүнкү коштошуу сөзүн оппозициянын өкүлдөрүнүн бирине да ыйгарып койсо болот беле. Ушул тууралуу сиздерде сөз болгон жок беле?
- Чыңгыз Айтматов улуттук руханий символуна айланган киши. Бул жерде ал кишинин аземин саясатташтыруунун кереги жок. Чыныгы анын талантына таазим берген адамдардын бардыгы келди. Бийлик, расмий бийлик, жөнөкөй эл, оппозиция өкүлдөрү да баары келди. Ошондуктан бул улуу адамдын аземин саясатташтыруунун керек эмес. Ар бир жөнөкөй адам да өзүнүн ыкласы, өзүнүн жүрөгү менен улуу адамга болгон таазимин көрсөттү бүгүн.
- Маегиңизге ырахмат.