Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Ооганстанда түрмөдөн качкандар изделүүдө


Ооганстандык жана чет өлкөлүк аскерлер Кандагар шаарындагы түрмөдөн качып кеткен жүздөгөн адамдарды, анын ичинде талиб согушкерлерин издөө операциясын башташты. Алардын качып кетишине кечээ түнкү чабуул учурунда шериктери түрмөнүн башкы дарбазасын жардыруу аркылуу жол ачышкан эле. Маалыматтарга караганда, түрмө дарбазасына жанкечти айдап келген жүк ташуучу автоунаа жарылган. Андан соң согушкерлер түрмөнү ок атуучу куралдан жана гранатаметтон аткылашкан.
Кандагардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, ооган президенти Хамид Карзайдын бир тууганы Ахмед Вали Карзай "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган редакциясындагы маегинде түрмөдөн качып кеткедердин саны 800 - 900дүн тегерегинде экенин, арасында талибдердин колбашчылары да бар экенин билдирди. Кол салуу учурунда түрмөнү кайтаргандардын 15и каза тапкан. Талибан бул чабуулга эки ай боюу даярдык көргөнүн билдирди. НАТОнун эл аралык күчтөрүнүн басма сөз өкүлү, генерал Карлос Бранконун билдиргенине караганда, НАТО жана ооган аскерлери коопсуздукту калыбына келтирүү жана качкандарды кармоо үчүн аймакты курчоого алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG