Бул тууралуу Социологиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Малтабаров Азаттыкка билдирди. Анын айтымында жай ичи Кыргызстандын бардык аймактарында социологиялык сурамжылоолор уюштурулат. Бул үчүн ар кандай жаш курагындагы 1500 адамга атайын суроолор камтылган анкеталар сунушталат. Социологиялык изилдөөлөр борборунун өздүк демилгесинде уюштурулуп жаткан долбоор ушул айдын этегинде өз ишин баштайт. Сурамжылоо жыйынтыгы күзүндө белгилүү болуп калат деп күтүлүүдө. (EK)