Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

17:25 Өзбекстандын Коопсуздук кызматы тарабынан кармалган кыргызстандык эки милиционердин бошотулганы тууралуу маалымат жок


ИИМ маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Өзбекстандык кесиптештери Алабука РИИБнүн кызматкерлери Кубанычбек Абдыкадыров менен Соипжан Мусаевди 14-июнь күнү бошотобуз деп убада беришкен. Бирок азырынча алардын бошотулганы тууралуу маалымат жок болууда, дейт басма сөз катчысы. 6-июнь күнү кызматтык тапшырма аткарганы бара жаткан жеринен Өзбекстандын Коопсуздук кызматы тарабынан кармалган кыргызстандык эки милиционердин бошотулганы тууралуу маалыматты Жалалабат ИИБнан да тастыктай алышкан жок. Ал эми Алабука РИИБ менен байланышууга мүмкүн болбоду.
Кыргызстандын ИИМ жана ТИМ бул маселенин чоо-жайын тууралуу түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен өзбек бийликтерине кайрылышкан. ИИМ бул окуяны 2-июндагы өзбек чегарачыларына байланыштырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG