Партиянын лидери Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, курултай ишемби күнү Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде болуп, ага 180 делегат чакырылды. Курултайдын күн тартибинде өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулоо, партиянын уставына өзгөртүү жана кошумчаларды киргизүү жана башкаруу органдарын шайлоо маселелери бар. Партиянын иш чарасына ошондой эле башка партиялардын лидерлери, коомчулуктун өкүлдөрү чакырылды.(AiT)