Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

10:09 Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салышына байланыштуу эл аралык коомчулуктан көңүл айтуулар уланууда


ТИМдин маалыматына караганда, Женева шаарындагы Кыргызстандын БУУ алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүнө эл аралык уюмдардын башчылары, элчилер келип кыргыз элине жана Чыңгыз Айтматовдун жакындарына көңүл айтууларын улантууда. Алардын арасында БУУ баш катчысынын орун басары, бул уюмдун Женевадагы бөлүмүн башчысы Сергей Орджоникидзе, миграция боюнча эл аралык уюмдун башчысы Брэнсон Маккинли, Казакстан, Украина, Өзбекстан, Иран, Чехия, Түркия, Орусия, Индия, Пакистан жана башка бир катар өлкөлөрдүн элчилери бар. Мындан сырткары Швейцариянын бардык аймактарынан кыргыз элине көңүл айткан телефон чалуулар түшүүдө. Кыргыздын дүйнөгө таанымал залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберге клиникасында 10-июнда катуу оорудан улам көз жумган. Маркумдун сөөгү 14-июнда “Ата бейит” мемориалдык-музей комплексине коюлду.(SM)

XS
SM
MD
LG