Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

16:57 Кыргыз-тажик чегарасы боюнча сүйлөшүү болду


Чегараны аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өткөн жумада Тажикстандын борбору – Дүйшөмбү шаарында өттү. Ишенимдүү булактардан “Азаттыкка” билдиришкенине караганда, анда тараптар өрөөндү аймактардагы чек ара тилкесин тактоонун укуктук негиздери боюнча сүйлөшүүнү улантып, мындан сырткары чегаранын 12 чакырымдайын тактоого жетишкен. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча азырынча расмий маалымат айтыла элек. Жалпы узундугу 970 чакырым келген эки өлкө чегарасынын буга чейин 489 чакырымы аныкталган. Бирок бул иштер тоо кыркалары менен кеткен чегара аймагында гана жүрүп, өрөөндү аймактардагы чегараны тактоонун укуктук негиздери боюнча тараптар бир пикирге келе элек болчу. (SM)

XS
SM
MD
LG