Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

17:10 Нөшөрлөгөн жамгырдан Ош облусу 537 миллион сомдон ашуун зыян тарткандыгы аныкталды


Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, май айынын акыркы күндөрү нөшөрлөп төккөн жамгырдан улам облустун Чоңалайдан башка райондору бүт жапа чекти. 1765 үйдү суу басып, анын 67си жашаганга жараксыз. 88 чакырым автожол кыйрап, 17 чакырым суу кууру бүлгүнгө учураган. Мындан тышкары бир катар каналдар жана көпүрөлөр бузулуп, жалпысынан аймак 537 миллион сомдон ашуун зыянга учурады. Ош облустук мамлекеттик бийлигинен кыйраган жайларды калыбына келтирүүгө райондордун кудурети жетишсиз экендигин да кошумчалашты. Жардам сурап Кыргыз өкмөтүнө кайрылышкан экен, тилекке каршы, жооп жок. (YA)

XS
SM
MD
LG