Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Пакистан Карзайдын билдирүүсүнөн соң Ооганстандын өкүлүн түшүндүрмөсүн угуу үчүн кеңсесине чакырды


Ооган президенти Хамид Карзайдын "эгерде расмий Исламабад тийешелүү чаралар көрө албаса, анда талиптердин сазайын берүү үчүн ооган аскери Пакистандын чек арасынан кирип барышы мүмкүн" деген жекшембидеги билдирүүсүн расмий Пакистан жактырбоо менен кабыл алды. Бул окуяга байланыштуу Ооганстандын Пакистандагы элчиси өлкөнүн тышкы иштер министрлигине чакырылганын аталган министрликтин басма сөз өкүлү бүгүн маалымдады. Бир аз мурдараак Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Раза Гилани өз өлкөсүнүн ички ишине жана аймактык бүтүндүгүнө сырткаркы тараптар эч кийлигише албайт деп билдирүү жасаган.

XS
SM
MD
LG