Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:12

Евробиримдик Ирландиянын Лиссабон келишимин четке кагышы боюнча жооп издөөдө


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда жолугушуп, Ирландиянын Евробиримдиктин Лиссабон келишимин четке каккан референдумунун жыйынтыгын талкуулашат. Өткөн жумада аталган келишим Ирландияда жалпы элдик добушка коюлуп, өтпөй калган. Бул келишим долбоору Евробиримдиктин калктары тарабынан жактырылса, анда ал Евробиримдиктин конституциясынын милдетин аркаламак. Лиссабон келишими Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн баары кабыл алганда гана, 2009-жылдын 1-январынан тарта иштей баштамак болчу. Ирландия 2007-жылдын соңунда кабыл алынган бул келишимди жалпы элдик добушка койгон жалгыз өлкө. Берүүбүздө бул окуяга толугураак токтоло кетмекчибиз.

XS
SM
MD
LG