Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун бүгүн Лондондо АКШ президенти Жорж Буш менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң, дал ушундайча жарыя кылды. Бранундун айтымында, Британ өкмөтү жалпы Евробиримдик лидерлерине Тегерандын өзөктүк долбоору боюнча катаал чаралар көрүү чакырыгы менен кайрылмакчы жана Европа бул чакырыкка оң жооп бериши ыктымал. Браун мырза Европа ирандык эң ири банк болгон Улуттук Банктын активдерин тоңдуруу, мунайзат жана газ экспорту жаатында да Иранга чектөөлөр киргизүү сыяктуу чараларга барышы ыктымалдыгын кошумчалады. Айрым маалыматтарга караганда, Иран өзүнүн 75 миллиард доллардык акча каражатын жакынкы учурларда Европадан чыгарып кеткен. Бирок бул качан жүзөгө ашырылган окуя экенин аны жазган ирандык жумалык гезит "Шахрванд-и Эмруз" ачыктаган жок. АКШ президенти Жорж Буш өзүнүн мамлекет башчысы катары Европадагы акыркы иш сапарын бүгүн Британиядан жыйынтыктайт. Лондондон Буш Британиянын карамагындагы Түндүк Ирландия аймагына да барат. Түндүк Ирландия протестанттар менен католиктердин жылдар бою улантылып келген тирешүүсүнө чекит койгон жаңы келишимди майрамдоодо.