Бул тууралуу гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Анын айтымында, буга гезиттин маалымат дисктеринин жоктугу жана редакциянын эшиги мөөр басылып, тергөөчүлөр тарабынан жабылышы себеп болууда. “Де- факто” гезити салык кызматын жаманатты кылуучу жалган маалыматтарды тараткан деп Салык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы сотко арыз менен кайрылган. Соттун чечими менен гезиттин редакциясы тинтүүгө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.(AiT)