Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

10:58 Пенсионерлер митингге чыгышты


Алар Бишкектин митинг, жыйындарды өткөрүүгө уруксаат берилген Горькийдин эстелигинин жанына чогулушуп, шаар унаасында жүрүүнү бекер кылууну, пенсияны жогорулатууну жана коммуналдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди мурдагы калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат. Жыйынга чогулган элүүгө чукул пенсионер андан тышкары күнүмдүк жашоого тыйын жеткире албай жатканда жол кире акысын шаар мэри Данияр Үсөнов өз кызыкчылыгы үчүн гана көтөрүп, муну менен президентке жагып, кызмат даражасын мындан да жогорулатууну көздөп жатат деген пикирлерин билдиришти. Азырынча ал жерге бийликтин өкүлдөрү келип, пенсионерлердин талабынан кабар ала элек. Митинг пенсионерлерге камкордук көрүү боюнча Лидия Фомова атындагы фонддун демилгеси менен өтүүдө.(BD)

XS
SM
MD
LG