Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

15:14 Д.Үсөнов: “Жерди жең ичинен сатуу менен күрөшүп жатабыз”


Бишкектин мэри Данияр Үсөнов бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Бишкектин аймагындагы 670 гектар жер көп жылдык мөөнөт менен эки жарым миң адамга арендага берилген. Бирок, алардын көбү ижарага алган жерин колдон колго өткөрүп сатып, жашыруун пайдалуу ишкерликке айландырып алышкан. Ошондуктан, мэрия аларга каршы күрөш баштап, ижарага алган жерди азыркы баа менен сатып алууну сунуштап жатат. Бирок, ижарага алган жерин сатып алам деген тургундардын 30 пайызынын өтүнүчү канааттандырылган жери жок. Себеби, ал жерлер шаардын башкы планы боюнча жаңы курулуш жүргүзүлбөй турган “кызыл тилкеге” туш келет. Ал эми азыр мэрия наркы 141 миллион сомдук жерди сатууга макулдук берди.(BD)

XS
SM
MD
LG