Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

17:25 Баткенде орулган буудай тышка сатылбайт


«Бир даана буудай, бир тал саман тышка сатылбасын» - деген чакырыгы менен Баткен губернатору Маратбек Жумабеков облусту кыдыруусунда элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Мамажан Бердишев «Азаттыкка» 17-июнда маалымдады. Губернатордун буудайды кошуна мамлекеттерге сатылбоосун, азык түлүк коопсуздугунун алдын алуусу деп түшүндүрүштү. Облус боюнча 20 миң гектар буудай айдалган болсо, анын 6 жарым гектары кайрак жерде. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 2756 гектар көп айдалаган. Учурда жалпы буудай аянтынын миң гектары оруп жыйналып бүттү. Орукка кошуна Өзбекстан жана Тажикстандан жалданган комбайндарды кошо эсептегенде 48 комбайн тартылды. (SA)

XS
SM
MD
LG