Ош облус губернатору Аалы Карашев бүгүнкү аппараттык жыйында аймактык “Ош жаңырыгы”, “Эхо Оша”, “Уш садоси” гезиттеринин акыбалы оор экендигин белгилеп, жергиликтүү бийликке жазылуу өнөктүгүнө көмөктөшүүнү буюрду. Жергиликтүү серепчи Асанбек Каракозуев бийликтин мамлекеттик гезиттерге ачык эле мажбурлап жаздыруу аракетин чекилик катары баалап, рынок шартында окумдуу материалдарды жарыялаган басылмалар гана жашоого акылуу экендигин эске салды. (АТо)