Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

17:45 Жалалабат облусунда жол кырсыгы көп катталууда


Облустун Сузак районунда кечээ бир адам өлүп, үч адам жараат алды. Мындай маалыматты республиканын ички иштер министрилиги бүгүн таратты. Билдирүүгө ылайык автоунаа Ош-Бишкек жолунда аңтарылып кеткен. Аман калган айдоочу менен жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Мындан эки күн мурда облустун Токтогул районунда кагышкан эки автоунаанын бирөөсү өрттөнүп кеткен. Бирок, андан эч ким жабыр тарткан эмес. 14-июнда Сузак районундагы автоунаа электр мамысын сүзгөндө айдоочусу каза болгон. Каракол шаарындагы аңтарылып кеткен автоунаада машинанын башкара албай калган айдоочу ооруканага жеткенде өмүрү менен кош айтышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG