Мыкты бизнесменди ишкерлер союзу тандоодо. Иш-чаранын максаты- ишкерлерге ачык-айкын бизнес жүргүзүүгө түрткү берүү. Сынакка бир жылдан ашык убакыт ишкерчилик менен алектенген, бул тармакта алдынкы жетишкендиктерге ээ болгон бизнесмендер катыша алат. Алдынкы үч орунга илингендерге баалуу сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу ишкерлер союзунун маалымат катчысы Айзана Токсобаева билдирди. (AiJu)