Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

10:15 “Центерра голддун” президенти Лен Хоменюк кызматынан кетти


Аталган компания тараткан маалыматка караганда, Лен Хоменюк пенсияга жашы кеткендигине байланыштуу ишинен кетип, анын ордуна Стивен Ланг дайындалды. Каржы маселелери боюнча башкы кызматка буга чейин компаниянын вице-президенти болуп иштеген Джеффри Парр келди. Бул кызматта ага чейин иштеген Дэвид Петрофф башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошонду. “Центерра голддун” директорлор кеңешинин төрагасы Патрик Джеймс компаниянын келечектеги өнүгүүсү үчүн жаңы жетекчилик стратегиялык багытты кайра карап чыгаарын билдирди. “Центерра голд” компаниясы Борбор Азия жана мурдагы совет республикаларындагы алтын кендерин иштеткен компания жана анын акциялары Канаданын Торонто шаарындагы фондулук биржада турат. (BD)

XS
SM
MD
LG