Эки жылдан бери “Талас турмушу” гезити Бишкектеги “Учкун” басмаканасынан басылып чыгарылат. Бүгүнкү учурда аталган басмаканага облустук гезит 50 миң сом карыз, светке 10 миң сом. Былтыркы жылга чейин “Талас турмушу” редакциясына бир жылга айлыктан тышкары 100 миңден ашык акча өкмөттөн которулуп турчу. Бул маалыматтарды “Азаттыкка” берген “Талас турмушу” гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов, каражат сурап жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана республикалык деңгээлде айрым жетекчилерге чейин карйлып, маселени чече албай жатам дейт. Облустук “Талас турмушу” гезитинин редакциясында бүгүнкү учурда 15ке жакын кызматкер эмгектенип келет. (UA)