Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

18:05 Нарында диний араздашууга арналган тегерек үстөл өттү


“Нарын kg” маалымат борбору “Тынчтык” бей өкмөт уюму менен өнөктөштүктө жалаң кыргыздар жашаган Нарын облусундагы диний араздашууга арналган тегерек үстөл өткөрдү. “Тынчтык” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Анаргүл Окошованын айтуусунда, бул жыйынга Нарындагы евангелисттик христиан, баптисттердин мүчөлөрү жана “Адепбашаты” коомдук прогрессивдүү фондусунун Нарын облусундагы филиалынын кызматкерлери чакырылган. Бирок белгисиз себептер менен баптисттер акыркы учурда макул болбой келишкен жок. Калган чакырылгандар ар кандай секталарга мамлекет көзөмөл кылбай жатканына токтолушуп, мамлекет мусулмандарга террорист катары мамиле кылып, баптисттерге болсо турист катары мамиле кылат. Кыргызстан диндердин роддому болуп калды, деп атады имам Кудайберген Мотоев. Жыйынтыгында мусулмардар биз алар менен ар дайым сүйлөшүүгө даярбыз деди. Эске сала кетчү жагдай, Нарын шаарында 240 баптист жашайт. (JI)

XS
SM
MD
LG