Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Беларус парламенти маалымат каражаттары боюнча жаңы мыйзамды жактырды


Массалык маалымат каражаттары боюнча жаңы мыйзам Интернеттин ишин да жөнгө салмакчы. Мыйзам азырынча биринчи окуудан жактырылды. Беларус бийликтеринин пикиринде, мындан өз эркиндигине эч кандай коркунуч жок. Ал эми укук коргоочулар жаңы мыйзам оппозициячыл инернет баракчаларды көзмөлдөө үчүн колдонулат деп чоочулашууда. Беларус сөз эркиндигин кысмактаганы үчүн батыш өлкөлөрү менен эл аралык уюмдар тарабынан такай сынга алынып келинет. "Фридом Хаус" уюму соңку отчетунда Беларуста сөз эркиндиги эң көп чектелген он өлкөнүн катарына кошкон болчу.

XS
SM
MD
LG