Бул ирет өкмөттүк күчтөр Багдаддын түштүгүндө 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Эль-Амара шаарын шиит жоочулардан тазалоо үчүн келишип, тийиштүү аскерий техникаларды шаарга жайгаштырды. Премьер-министр Нури аль-Малики жоочуларга курал-жарактарын таштоого төрт күн убакыт берген. Ал убакыт кечээ күнү соңуна чыкты. Аскерий операция күтүлүп жаткан Майсан региону мунайга бай жана бул чөлкөмдө ирандык курал сатуучулар бар деп эсептелет.