Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

10:35 Б.Мамасейитова: “Манас” авиабазасын кеңейтүү жөнүндө сөз да болбошу керек


Бул тууралуу бүгүн парламентте Кыргызстан коммунисттер фракциясынан депутат Бүмайрам Мамасейитова билдирди. Анын айтымында, учурунда Ооганстанда кырдаал оор болгондуктан “Манас” аэропортуна АКШнын аба аскер базасы түзүлгөн. “Азыр Ооганстанда абал өзгөрдү. Муктаждык болсо АКШнын аскер аба базасын “Манастын” аймагынан чыгаруу маселесин коюуу керек”,-дейт Мамасейитова. Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия аймагы жана коомдук дипломатия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол (George Krol) келет. Ал иш-сапарында кыргыз бийлиги менен жолугушуп, аймактык коопсуздук жаатындагы кызматташтык, мыйзамдуулукту жана демократиялык башкарууну өнүктүрүү, АКШ менен Кыргызстандын өз ара экономикалык карым-катнашын чыңдоо сыяктуу маселелерди талкууламакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG