Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

11:57 Бишкек мэри шаарга автобустарды алып келүү тууралуу сүйлөшүү үчүн Бээжинге кетти


Бишкек мэри Данияр Үсөнов шаарга жүргүнчүлөрдү ташуучу 300 чоң автобус алып келүү маселелерин сүйлөшүү максатында Кытайдын борбору Бээжинге кетти. Мэрдин маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы автобустар маселесин чечүү үчүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы жана автобус чыгарган заводдору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Келе турган автобустар муниципалдык “АкжолТрансСервис” мекемесинин карамагына өткөрүлмөкчү. Эскерте кетсек, 2008-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаардык кеңеши жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык мекеме түзүп, автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 100 миллион сом бөлүү чечимин чыгарышкан. Ал арада ушул эле шаардык кеңеш менен мэриянын жол кирени көтөргөн чечимине каршылыгын билдирип, бир катар ардагерлер каршылык акцияларын өткөрүшүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG