Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

13:31 Бүгүн да Байтик айылынын тургундары жергиликтүү бийликтен жерди туура бөлүштүрүүнү талап кылышты


Нааразылык ишчарасынын катышуучулары кечээ айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, айыл башчысынан жер маселесин чечип берүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү тургундар, «айыл өкмөтү жерди каалаганындай бөлүштүрүп, бир нече жылдан бери кезекте тургандарга жер алигиче бөлүнө элек. Айылдын жери башка жерликтерге жең ичинен соодаланып жатат», деп белгилешкен. Бүгүн дагы ушул эле талап менен эл айыл өкмөттүн алдына кайра чогулушту. Ал эми Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Салтанат Жумашова, чогулгандардын койгон дооматына макул эместигин, бирок эртең жер ала тургандардын тизмесин имарат алдына ачык илип коёрун «Азаттыкка» билдирди. Учурда Байтик айылынан жер алууга кезекке тургандардын саны эки миңден ашык, быйыл алардын сексен бешине гана жер бөлүштүрүлөт. (JJ)

XS
SM
MD
LG