Бул тууралуу бүгүн маалымат-жыйынында Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди. Ал учурдагы бааларды өсүшүн дүйнөлүк тенденция деп атап, муну менен күрөшүү үчүн Улуттук Банк чараларды көрүп жаткандыгын айтты. Анын айтымында, май айында шекер, нан азыктары,эт жана май өзгөчө кымбаттаган. Жалпысынан тамак-аш баасы 13,9 пайызга, кызмат көрсөтүү 7,8 пайызга, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин баасы жети пайызга өскөн.(AiJu)