Ушул эле гезит өткөн жылдын март айында Бишкек шаар башчысы эгер жашоо-тиричилик төлөмдөрү кымбаттай турган болсо пенсионерлерге кошумча акча төлөп беребиз деп убада бергенин, чынында эле жашоо-тиричиликтин бардык тарабы ушу кезде буга чейин болуп көрбөгөндөй кымбаттаганын, дагы кымбаттап жатканын, бирок борбор шаардын башкы атка минери убадасында турбаганын, ошон үчүн буга нааразы болгон пенсионерлер М. Горькийдин эстелигинин алдына жыйналып, нааразылык акциясына чыкканын, пенсионерлер алар үчүн арзан дүкөндөрдү ачууну камсыз кылууну, базарларда, көчө бойлорунда майда-чүйдө сатып жан багып олтурган кары-картаңдарды куугунтукка алууну токтотууну ж.б.у.с. талаптарды коюшканын, мындан ары ай сайын чогулуп турмай болгонун жазып чыкты.
“Комсомльская правда Кыргызстан” гезити “Кыргызстанда казино жана оюн-зоок автомат жайларынын кожоюндары үчүн кыйын кезең келди окшойт, оюн-зоок бизнесине мамлекеттик басым-кысымдын токточудай түрү жок, бирде салыгы көбөйсө, бирде жаап салабыз деп коркутушат” деп баштаган макаласында жакында Жогорку Кеңештин депутаттары мындай чер жазуу жайларына дароо эле эки комитет аркылуу чабуулга өткөнүн, айрымдары алардын 200 чарчы аянттан кем эмес жерди ээлегендерин гана калтырса калган майда-бараттары өзүнөн өзү жоюлуп жок болорун бетке тартса, айрымдары 25 жашка чейинки жарандарды казиного, 18 жашка чейинки жарандарды оюн-зоок автоматтарына киргенге тыйуу салуу керектигин айтты. Айрымдар такыр эле жаап салуу сунушу менен чыкса, депутат А. Бурханов дал ушундай бизнеси барлардын жарымы ЖКда олтурганын, ошондуктан бул жайларга салыкты 1000 эсе көбөйтүү керектигин айтты эле депутат Р. Отунбаева мындай жайларды салык менен жоюп салууга мүмкүн эместигин, ошон үчүн казинолорду алыскы райондорго, мисалы Миң-Кушка, Сүлүктү же Майлуу Суу сыяктуу чөлкөмдөргө көчүрүүнү сунуш кылды. Ал эми салык боюнча Мамлекеттик комитеттин орунбасар төрагасы А. Касымалиев чер жазуучу жайларга салык 10 эсеге көбөйтүлөрүн, эгер бир эле оюн үстөлүнөн 30 миң сом салык алынып келсе, жаңы долбоорго ылайык эми 300 миң сомго көбөйөрүн, ошондо мамлекетке миллиарддаган каражат түшөрүн билдиргенин баяндады.