Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

16:00 Жалалабатта басма сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлдү

Комитет Ата мекен партиясынын облустук бөлүмүндө уюшулду.Аны түзүүгө эркин маалымат каражаттарынын айланасындагы кырдаал түрткү болду.Мындай маалымат 19-июнда топтун башчысы Ильич Нарматовдон алынды.Анын айтымында, бийликке кызмат кылган уюмдардын иш-аракети менен «Де-факто» гезити убактылуу чыкпай турат. “Соттук териштирүүлөрдүн узарып кеткендигинен «Сентябрь» сыналгысы токтотулду.Парламенттик шайлоодогу мыйзамсыздыкка каршы турган коомдук парламенттин облустагы мүчөсүнө кылмыш иши козголгон. “Де-факто” менен «Алиби» гезиттерине миллиондогон айып пулдун салынышы –аларды жабууга жасалган аракет”,-деди Нарматов. Облустук бийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов басма сөз эркиндигин коргоо жөнүндөгү комитет түзүлгөнүнөн кабарсыз экенин айтты.(YA)
​
XS
SM
MD
LG