Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

17:15 Бишкек ШИИБ тергөөчүсү Эркинбек Маматовго байланыштуу ишти сотко өткөрдү


Бишкек ШИИБ тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Молдошев “КАМЭК” көп тармактуу клиникасынын башкы директору Эркинбек Маматовго байланыштуу кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна өткөрдү. Маалыматка караганда өткөн жылы июнь айында “Манас” аэропортунун вице-президенти Кулмухамбет Ачакеев күтүүсүз сыркоолоп аталган аэропорттун санитардык бөлүмүнүн жолдомосу менен “КАМЭК” көп тармактуу клиникасына жеткирилген. Ал жерден клиниканын жетекчиси Эркинбек Маматов тарабынан Ачакеевге операция жасалып акыбалы ого бетер оорлойт. Төрт күндөн кийин аны оор акыбалда Улуттук госпиаталга жеткиришет. Ал жерден Ачакеев эсине келе албай каза болот. Бул боюнча соттук-медициналык комиссия текшерип “КАМЭК” клиникасында дарылоо жана операция кылуунун эрежелери сакталбаганын, бир катар тартип бузуулар бар экендигин, дарыгерлердин профессионалдык деңгээлдери төмөндүгүн аныктаган. Укук коргоо кызматы тарабынан клиниканын жетекчиси Эркинбек Маматовго Кылмыш жаза Кодексинин 121-беренесинин (Коркунуч абалда калтыруу) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында ага Кылмыш жаза Кодексинин 119-беренеси (Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) 2-бөлүгү жана 121-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып тагылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG