Өлкөнүн түштүгүндө шийи козголоңчуларына куралдарын таштап багынууга төрт күн берилген мөөнөт аяктаган соң, Ирак жоокерлери АКШнын аскердик күчтөрүнүн колдоосу астында шийи жоочуларына каршы жаңы иш-чара баштады. Маалыматтарга караганда, кечээ түнү башталган бул иш-чаранын маалында жүздөгөн миналар табылган. Бул өнөктүккө чейин ондогон жоочулар өз эрки менен багынып беришкен.