Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

19:36 Кыргызстандагы медиа институту өкүлчүлүгүнө шайлоо 26-июнда өтөт


Аталган өкүлчүлүктүн Байкоочу кеңеши 12 адамдан турган конкурстук комиссиянын курамын бекитти. Алар: Роман Миловацкий –Телевидения жана радио Ассоциациясынын аткаруучу директору. Александр Кулинский – ММКга даттанууларды кароо боюнча комиссиянын төрагасы. Турсунбек Акун – Акыйкатчы. Азамат Калман – Журналисттер кошуунунун төрагасы. Халил Худайбердиев – Масс Медиа Ассоциациясынын президенти, Ош шаары. Гүлбара Иманкулова – ММК ресурстук борборунун жетекчиси, Талас шаары. Жаркын Ибраева –«Нарын.KG» медиа борбордун жетекчиси. Нурбек Алишеров – ММК боюнча коомдук палатанын төарагасы. Гүлнура Төралиева – Коомдук саясат институту программасынын директору. Андрей Миасаров – ММК колдоо корунун директору. Елена Воронина – Интербилим борборунун программалык менеджери. Максуда Айтиева – ММК ОРБ жетекчиси, Ош шаары.

2008-жылы май айында Медиа өкүлү Шамарал Майчиевдин мөөнөтү аяктады. Ал буга чейин эки жолу Медиа өкүлү болуп шайланган. “Медиа өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө” жобого ылайык Медиа өкүлүнө бир эле адам эки жылдык мөөнөткө эки жолу катары менен шайланууга болот. Конкурстук комиссия Медиа өкүлүнө үч адамдын талапкерлигин карайт. Алар Барнахан Сабирова – Акыйкатчынын маалымат кызматы боюнча эксперти. Марат Токоев - «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси, «Journalist news» гезитинин башкы редактору. Илим Карыпбеков – Медиа институту өкүлчүлүгүнүн директору. Медиа өкүлчүлүгү ММК, журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, сот органдарында журналисттердин кызыкчылыгын коргойт. Кыргызстандагы ММК ишмердигин жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун иштөөгө катышат. ММК тармагындагы талаш маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт. Медиа өкүлчүлүгү Медиа өкүлчүлүгү институтунун администрациясынын техникалык колдоосунда коомдук башталышта иш алып барат. (AJ)

XS
SM
MD
LG