Өткөн жылы парламенттик шайлоо учурунда социал-демократиялык партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов добуш берүү баракчаларынын жашыруун белгилерин ачыктап, мамлекетке 20 миллион сом зыян келтирди деп, Борбордук шайлоо комиссиясы сотко берген. Райондук жана Бишкек шаардык соттору арызды канааттандырып, партияны 16.5 миллион сом төлөөгө милдеттендирген чечим кабыл алган. Бирок партия чечимге нааразы болуп, апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот ал арызды бүгүн карамакчы.(AiT)