Президент Махмуд Ахмединежаддын айтымында, ушул жылы Иракка жасаган расмий сапары учурунда ал өмүрүнө кол салуудан сактанып калды. Буга анын сапар учурундагы маршрутун чукул өзгөртүүсү өбөлгө түзүп берген. Бирок президент ага ким тарабынан кол салуу даярдалганы, анын бети кандайча ачылганы тууралуу маалымат берген эмес.