Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

11:45 Бүгүн эл аралык качкындар күнү


Буга байланыштуу миграция жана иш менен касыздоо боюнча мамагенттиктин жетекчиси Айгүл Рыскулова жана БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын өкүлү Ханс Фредрих Шоддер маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын айтымында, Кыргызстанда 251 адам расмий качкын макамын алган. Мындан үч жыл мурда Кыргызстанда качкындардын саны 3 миң адамга жеткен. Алардын көбү өз өлкөсүнө жана үчүнчү өлкөлөргө жиберилген. Эл аралык качкындар күнү дүйнө жүзүндөгү 116 мамлекетте белгиленет.
БУУнун Качкындар боюнча агенттиги дүйнөлүк сурамжылоо жүргүзүп, анда 2007-жылы 11,4 млн. качкындар өз өлкөсүнөн тышкары жашаарын аныктаган. Ал эми ич ара жаңжалдардын кесепетинен 26 млн. киши өз өлкөсүнүн ичинде орун которгону айтылат. БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссары Антонио Гутеррестин (António Guterres) айтуусунда, 2001-2005 ортосунда качкындардын саны кыскарган. Бирок 2005-2007-жыл ортосунда качкындардын саны өскөнү байкалган. 2007-жылдын аягында БУУнун Качкындар агенттигинин жоопкерчилигинин алдындагы качкындардын саны 9,9 миллиондон 11,4 миллионго, ички жаңжалдардын кесепетинен жер которгондордун саны 24,4 миллиондон 26 млн. өскөн. Бул сурамжылоо дүйнөнүн 150 өлкөсүн камтыган. Ошондой эле 2007-жылы 3 млн. адам эч бир өлкөнүн атуулу же убактылуу тургуну эмес экендиги катталган. (AJ)

XS
SM
MD
LG