Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

12:35 Илим Карыпбеков: Сөз эркиндигине чектөө болуп жатат

Бул тууралуу Медиа өкүлчүлүгү институтунун мүдүрү Илим Карыпбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында,“Де-факто” гезитине укук коргоо органдары тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 329-беренесинин (Атайылап жалган билдирүү) 2-бөлүгү боюнча кылмыш ишинин козголушу КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин КМШдагы ММК бир дагы жолу 329-беренедеги (Заведомо ложный донос) деген айып коюлган эмес дейт Карыпбеков.Ал ошондой эле Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелип жатканын белгилеп,“Де-факто” гезитин Бакиевдердин үйбүлөсүнө жардам иретинде 1 сомдон каражат топтоо акциясын токтотуу керектигин айтты. Карыпбеков “Де-фактонун” айланасындагы чуулгандуу маселеге укук коргоо органдары менен гезиттин өзү да айыптуу деп, эсептейт. (AJ)
XS
SM
MD
LG