Бул тууралуу маалымат жыйынында БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын башчысы Ханс Фредрих Шоддер билдирди. Анын айтымында,комиссарлык бул жылы өлкөдөгү качкындарга алты жүз миң доллар эсебинде жардам көрсөтөт. Мындан тышкары качкындар кийим-кече, тамак аш түрүндө гуманитардык жардам алып, бизнес баштоо үчүн гранттарга ээ болушат. "Эң башкысы өз мекенинен кетүүгө мажбур болгондорго сый-урмат көрсөтүп, аларга жаңы жерге оңой көнүп кетишине жардам берүү",- дейт Ханс Фредерих Шоддер. (AiJu)
14:15 БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгы Кыргызстандагы качкындарга жардам берүүнү улантат