Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

КАЧКЫНДАРГА КАНДАЙ ӨҢҮТТӨН МАМИЛЕ ЖАСАЛАТ?


20-июнь – эл аралык качкындар күнү. Качкындар күнүн белгилеген дүйнө жүзүндөгү 116 мамлекеттин бири – Кыргызстанда качкындарга кандай өңүттөн, кандай деңгээлде --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/61FFA796-E66A-46FA-93BB-C655DF33E459.asp мамиле жасалат?

Эл аралык качкындар күнүнүн урматына өткөргөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын миграция жана жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова бүгүнкү күндө Кыргызстанда 263 качкын бар экендигин, алар туугандарынан, досторунан, мекенинен ажыраган адамдар болгондуктан көйгөйлөрү да көп экендигин белгиледи.

Ал эми качкын Ядгар Турлыбеков Кыргызстанда качкындар кандайдыр бир жумуш менен камсыз болбогондугуна абдан кападар:

- Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгынан айтып атышат, силер жергиликтүү миграция комитетинен каттоодон өткөндөн кийин иштесеңер болот деп. Бирок, турмуш көрсөтүп атпайбы, Кыргызстанда качкындар иштей алышпайт. Биринчиден, иш менен камсыз кылышпайт, экинчиден, өзүң эптеп издеп-таап иштеп атсаң да, атайылап жаңжал чыгарышып, зорго тапкан документиңден ажыратып салышат. Ушундай оюндар көп кездешүүдө.

Миграция жана жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова Кыргызстанда аларды кой, өз жарандарын иш менен камсыздоо кыйын болуп аткандыгын жашырбай айтып келип, качкындарга иш сунуштай турган эл аралык долбоорлорду тартууга аракет кылып жатышкандыгын эскертти.

Качкын Ядгар Турлыбековдун айтуусунда, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгы тарабынан батир акысы үчүн берилчү 2000 сом эч нерсеге жетпей, жашоо кыйын болууда.

Кыргызстанда качкындардын санынын аздыгы – аларды өз өлкөлөрүнө кайтарып ийгенден же аларды үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүп жаткандан эмес. “Адилет” юридикалык клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, анын башка себеби бар:

- Кыргыз бийлиги саясий өңүттөн карап деле, көптөрүнө качкын макамын бербей коёт. Ошондой категорияга өзбекстандык качкындар да түшүп калышпадыбы. Андан мурда Кытайдан келген уйгурларга, Орусия курамында болгондуктан, чечендерге качкын макамын бербей келишкен. Азыркыга чейин канча чечен башкалка издеген адамдар катары жүрүшөт. Кыргызстан өз аймагынан башкалка деле бере алат, бирок, качкын макамын бербейт.

Адилет юридикалык клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жогоруда айткандарынан мындайча тыянак чыгарды:

- Иш жүзүндө кыргыз бийлиги качкындар конвенциясына байланыштуу өз милдеттерин толук аткарбай келүүдө.

Сөз соңунда качкындарды акыркы кезде абдан көп кабыл алып, эч нерсеге карабастан аларга качкын макамын берген өлкөлөрдү атай кетели: азыр АКШда 48300, Канадада 11200, Австралияда 9600, Швецияда 1800, Норвегияда 1100 качкын жашайт.

XS
SM
MD
LG