Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

18:32 Вашингтон өкүлү Жорж Крол Кыргызстандын оппозиция өкүлдөрү менен жолугушту


АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия аймагы боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол оппозиция өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий абал, коңшу мамлекеттердеги саясат, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар жөнүндө сөз болду, бул тууралуу “Акшумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди.
-Жолугушууда адам укуктарын коргоо жана Кыргызстан эл аралык уюмдардын алдында алган өзүнүн милдеттерин толук аткаруу боюнча сөз болду. Мына ушулардан биз четтеп баратканыбыз, авторитардык бийликтин алгачкы чабалакейлери көрүнүп калганын айттык,-деди Темир Сариев.
Ошондой эле “Манас” абамайданындагы АКШнын авиабазасы, демократиянын мындан ары өнүгүп-өсүшү, эл аралык финансылык уюмдардын жардамынын тегерегинде сөз болгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG