АКШ киргизген мындай сунушту Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан кабыл алышты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айрым коомдо аялдарга карата сексуалдык зомбулук болуп көрбөгөндөй күчөп кеткенин эскертти. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс аялдарга карата зомбулук анын курмандыктарына эле эмес, улуттун коопсуздугуна жана туруктуулугуна да таасир берип жатканын белгиледи.