Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

15:48 АКШ “Манастагы” авиабазасын кеңейтүүнү көздөбөйт


Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудиновдун АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия аймагы боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол менен жолугушуусунда сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Анда Жорж Крол АКШ авиабазаны кеңейтүү максатын көздөбөстүгүн, болгону “Манас” аба майданындагы жарандык аба каттамдардын коопсуздугун сактоо максатында аскер учактарын башка жакка көчүрүү туурасында маселени карап көрүүнү суранаарын айткан. Өкмөт башчы болсо бул маселе боюнча эки өлкөнүн эксперттери өз ара кеңешүүсү жана атайын комиссия түзүүсү зарылдыгын белгилеген. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери да талкууланган. Расмий Вашингтондун өкүлү Жорж Кролдун Кыргызстандагы иш сапары 19-июнда башталып, бул арада бийликтин, оппозициянын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анын иш сапары эртең соңуна чыгаары кабарланган.(SM)

XS
SM
MD
LG