Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

11:00 Кыргызстандык боксчу Алмазбек Раимкулов кайрадан жеңишке жетишти


Ал кечээ Чикагодо өткөн мелдеште мексикалык боксчу Лео Мартинести 3-раундда жыкты. Күрөш жалпысы болуп 8 раундга созулууга тийиш болчу. Алмазбек Раимкулов учурда жеңил салмак боюнча Дүйнөлүк бокс уюмунун рейтингинде 9-орунда, ал эми Эл аралык бокс федерациясынын рейтингинде 13-орунда турат. Ал профессионалдык рингде болгон 28 күрөштүн 26сында жеңишке жетишкен. Алмазбек Раимкулов өткөн жылы 7-ноябрда жол эрежелерин бузган деген айып менен 90 күнгө камалып, бирок 22 күндөн кийин Ласвегас шаардык сотунун чечими менен абактан бошотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG